Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда 81 миллион сомго заманбап бала бакча курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу кечээ, 13-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 81 миллион сомду түзөт.

1074 чарчы метр аянтты ээлеген имаратта ашкана, медициналык бөлмө, уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, азык-түлүк сактоочу кампа жана тарбиялык иш-чаралар үчүн жайлар каралган. Ошондой эле балдар үчүн сырткы оюн аянтчасы курулат.

Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын чатыры жабылып, сырткы шыбак жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан