Биз социалдык тармакта

"Сиз айтсаңыз болот". Темир жол жетекчисинин жообу Жапаровду күлдүрдү (видео)

Кечээ, 13-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Анда шаар тургуну Жуман Акулуев элеваторго баруучу темир жол тилкелеринин кайра туташтырылбай жатканы боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, ишканага баруучу эки темир жол тилкеси мындан эки жыл мурда магистралдык темир жолдон ажыратылып, ушул күнгө чейин кайра туташтырыла элек. Ал элеватор 35 жылдан бери мамлекеттик резервдеги буудайды сактап келе жатканын белгиледи.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси коопсуздук талаптарына байланыштуу элеваторду жаңы станция аркылуу туташтыруу зарылдыгын түшүндүрдү. Бул үчүн 2,8 чакырым темир жол куруу керектигин айтты.

Президент Садыр Жапаров темир жолду түз эле туташтырууга мүмкүнчүлүк бар-жогун сураганда, ишкананын жетекчиси: "Сиз айтсаңыз болот", — деп жооп берди.

Буга президент: "Мени айттырбай эле жасасаңар болбойбу, айланайындар ай!" — деп күлдү.

Мамлекет башчысы темир жолчулардын да коопсуздук боюнча жүйөсү бар экенин белгилеп, ошол эле учурда буудай сактап, ун өндүргөн элеватор өлкө үчүн маанилүү экенин айтты. Ал маселени чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

"Сиз айтсаңыз болот" Темир жол жетекчисинин жообу Жапаровду күлдүрдү (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан