Биз социалдык тармакта

Ак-Суунун тургуну күйөөсүнөн батир талап кылган аял боюнча президентке кайрылды (видео)

Кечээ, 14-ноябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп, Ак-Суу жана Каракол аймактарынын тургундары менен жолугушту. Анда Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын тургуну Гүлсара аттуу аял үй-бүлөсүнө байланыштуу маселе менен президентке кайрылды.

Анын айтымында, жолдошу менен чогуу жашап жүргөн учурда алардын ортосуна Илона аттуу аял аралашып, үй-бүлөсүнүн бузулушуна себеп болгон. Жолдошу ал аял менен 1 жыл 2 айдай жашаган. Учурда ал аял үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Ички иштер бөлүмүнө арызданып, эки бөлмөлүү батир талап кылып жатканын айтты.

"Күйөөм экөөбүз жакшы жашачубуз. Ортобузга Илона аттуу аял түшүп, жашообузду бузду. Азыр күн сайын арызданып, бизге жашоо бербей жатат. Экөөнүн никеси да, баласы да жок. Жолдошум экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз бар. Ал азыр эки бөлмөлүү батир талап кылып, алып бербесеңер соттотом деп жатат", — деди ал.

Өлкө башчы Садыр Жапаров укук коргоо органдарына аялдын арызын мыйзам чегинде карап, жагдайга объективдүү баа берүүнү тапшырды. Ал маселени адилеттүү чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Эки бөлмөлүү батир талап кылып жатат". Ак-Суунун тургуну президентке кайрылды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан