Кечээ, 13-ноябрда Ош шаарында Маданият жана жаштар башкармалыгынын ыктыярчылары тазалык кызматкерлерине жылуулук тартуулоо максатында "Жылуулук акциясын" өткөрүштү.
Видеодо ыктыярчылар "Жашылдандыруу" жана "Тазалык" кызматкерлерине ысык тамак, чай жана кофе таратып жатышканын көрүүгө болот.
"Шаарыбыздын тазалыгы үчүн күн сайын таң эрте жумушка чыккан тазалык кызматкерлерине колдон келишинче ысык тамак, чай жана кофе таратып, бир аз болсо да жылуулук тартуулагыбыз келди", — дешти уюштуруучулар.
Акциянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, колдонуучулар ыктыярчылардын демилгесине жылуу пикирлерин калтырышууда. Алар мындай жакшылык иштер башкаларга да үлгү болорун белгилешүүдө.
Ыктыярчылардын бул демилгеси кичинекей көңүл буруу да адамга кубаныч тартуулап, күнүн жакшы маанайга бөлөй турганын көрсөттү.