Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алынды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Ленин райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өтүнүчүн канааттандырып, буга чейин үй камагында болгон Таалайбек Жакыповду 21-декабрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алынды.

Эске сала кетсек, Таалайбек Жакыпов октябрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган. Анда сот аны 20-декабрга чейин үй камагына чыгарган. Үй камагына чыгаруу чечимине жабырлануучунун каршы арызы да негиз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан