Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 14-ноябрда, президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту. Анда жергиликтүү эл бир катар социалдык жана экономикалык маселелерди көтөрүп, мамлекет башчысына кайрылды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине даттанышып, турак жай алдамчылыгы, жер жана мүлк талаштарын чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Мындан тышкары, жолугушууда туризмди өнүктүрүү, туристтик объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, суу түтүктөрүн тартуу жана суткалык жөнгө салуучу чакан бассейн куруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жарандар ырайым кылуу жана мунапыс берүү, ипотекалык турак жай менен камсыздоо, стадион курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчтөрүн билдиришти.

Мамлекет башчысы тургундардын кайрылууларын угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди адилеттүү карап, аларды чечүү боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан