Биз социалдык тармакта

Таластагы топ балдардын мушташына байланыштуу 8 адам кармалды (видео)

Талас шаарында топ балдардын мушташына байланыштуу 1994-1995-жылдары туулган 8 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-ноябрга караган түнү саат 00:00 чамасында болгон. Анда бир нече адам алдын ала даярданып, 2000-жылы туулган А.Ш. аттуу жаранды темир жана жыгач таяктар менен сабап, денесине жаракат келтиришкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Таластагы топ балдардын мушташына байланыштуу 8 адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан