Биз социалдык тармакта

Батумиде футболдук беттештеги башаламандыктан кийин кармалган күйөрмандар бошотулду

Грузиянын Батуми шаарында Түркиянын «Бешикташ» жана Израилдин «Хапоэль» футболдук клубдарынын Европа лигасындагы беттешинде чыккан башаламандыктан кийин кармалган бардык күйөрмандар бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда РИА Новости жазды.

Аджария автономиялык республикасынын өкмөт башчысы Зураб Патарадзенин айтымында, Грузиянын Ички иштер министрлиги түркиялык күйөрмандардын өз мекенине тоскоолдуксуз кайтып кетүүсүн камсыздаган.

Буга чейин Батумиде коомдук тартипти бузган жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата мыйзамсыз аракеттерди жасаган деген негизде «Бешикташтын» 16 күйөрманы кармалган.

Ошондой эле аталган окуяга байланыштуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Грузиянын элчисин чакырткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан