Биз социалдык тармакта

Шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу: Үчүнчү беттеш тең чыгуу менен аяктады

Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунун үчүнчү партиясы тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу Эл аралык шахмат федерациясы (FIDE) билдирди.

Маалыматка ылайык, шахматчылардын курч кармашы 60 жүрүшкө созулган. Үчүнчү партиянын жыйынтыгында жалпы эсеп 1,5:1,5 болуп теңелди.

Беттештин алгачкы символикалык жүрүшүн чемпиондуктун расмий өнөктөштөрүнүн бири болгон Chess.com порталынын журналисти Майк Кляйн жасады.

Өзбекстандык шахматчы Жавохир Синдаров бул партияны да e4 жүрүшү менен баштады.

Эми шахматчылар бир күн эс алып, андан соң чемпиондук наам үчүн күрөштү улантышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан