Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Владимир Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айткан сөздөрүнө байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Анда Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айткан сөзү Кыргызстан менен Орусиянын стратегиялык өнөктөш мамилесине доо кетирери жана нааразычылыктарды жаратары маалымдалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Владимир Жириновский Орусияда 23-февралдагы митингде сүйлөп жатып Борбор Азиядагы өлкөлөрдү Орусиянын курамына кошуу туурасында айткан. Ошондой эле кыргыздардын 1916-жылдагы Улуттук боштондук үчүн күрөшүн "орус империясына карата чыккынчылык" деп атаган.