Асылбек Жээнбеков "таза шайлоо өткөрүү - кыргыз бийлиги үчүн эң маанилүү милдеттердин бири" дейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 25-февралда Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын спикери Канг Чанг Хи менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар Жогорку Кеңеш менен Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Жээнбеков Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш, парламенттик демократиянын жетишкендиктери тууралуу маалымат берди. Кореянын шайлоо жүрүмүнө жаңы технологияларды ийгиликтүү киргизип жатканын белгилеген төрага буларды айтты:

“Мыйзам базасын өркүндөтүү жана шайлоо жүрүмүнө заманбап технологияны киргизүү аркылуу демократиялуу, ачык-айкын, атаандаштык негизде шайлоолорду өткөрүү Кыргызстандын жетекчилигинин алдында турган өтө маанилүү милдеттердин бири. 2015-жылы жана 2017-жылы өтө турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго байланыштуу анын мааниси ого бетер артууда. Биз корей тараптын ошол шайлоо жүрүмүн техникалык жактан жабдуу ишине кол кабыш кыларына ишеним артабыз.

Канг Чанг Хи: Кыргызстан кыска мезгил аралыгында эле парламенттик демократияны курууда кыйла ийгиликтерге жетише алды. Биз силердин өлкөгө бардык тармак боюнча көмөктөшүүгө даярбыз,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан