Ош. Айтмамат Кадырбаев: "Бардык маселени бир күндө чечип койгубуз келет, бирок капчыгыбыз ага жол бербейт"

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 27-февралда Жапалак айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда: "Бардык маселени бир күндө чечип койгубуз келет, бирок капчыгыбыз ага жол бербейт",- деди. 
Анын айтымында, Жапалактын тургундарынын көйгөйлөрү көп, алардын бири - бала бакча маселеси. 
"Бул жердеги чайкананын жери мэриянын карамагына өткөн. Балдардын келечеги үчүн мында турган чайкананы бузуп, ордуна бала бакча куруп берсек дейбиз. Курулуш иштерин жакын арада баштайбыз",- деп кошумчалады мэр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан