Бүгүн, 2-мартта Москвада 20 миңге жакын адам жүрүшкө чыкты. Алар “Крым, биз сени мененбиз!”, “Согушта биз өзүбүздүкүн таштабайбыз!”, “1945-жылы жеңгенбиз, 2014-жылы да жеңебиз!” деп жазылган плакаттарды колдоруна кармап алышкан. Жүрүшкө коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар Майданга каршы экендиктерин жана Украинадагы орус тилдүү элдерди колдой тургандыктарын билдиришкен. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги маалымдады.
Ошондой эле бүгүн Москвада дагы бир акция болуп өттү. Анда катышуучулар Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүүгө каршы экендиктерин айтышкан. Бирок алардын көпчүлүгүн күч органдары кармап кетишкени айтылууда.