Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара маселелерин талкуулашты

28-февралдан 2-мартка чейин Фергана шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын өзүнчө чөлкөмдөрү боюнча линияны сызуу долбоору жана тийиштүү картографиялык материалдар каралды. Мындан тышкары айрым аймактарда текшерүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан