Украинадагы кырдаал: Путин Германия канцлери А.Меркелдин сунушуна макул болду

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин анын сунушуна макул болду. Муну бүгүн, 3-мартта орусиялык ММКлар жарыялашты. Меркель Крымдагы (Украина) кырдаалды иликтөө үчүн атайын топ түзүүнү сунуштады. Топ кандай жол менен түзүлүп, ишин качан баштай турганы айтылган жок, бирок Путин Крым боюнча саясий диалогго барууга көндү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Меркель Орусия ажосун эл аралык келишимдерди бузганы үчүн айыптады. Ошондой эле кесиптешин Украинанын бүтүндүгүн урматтоого чакырды. 1-мартта Федерация Кеңеши Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүү чечимин кабыл алган. Орусия-Германия президенттеринин сүйлөшүүсү 2-мартта болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан