Ош-Баткен-Исфана жолун курууга 21 миллион 320 миң доллар бөлүү боюнча макулдашууну ЖКнын тармактык комитети колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 3-марттагы жыйынында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолун реконструкциялоо жаатындагы насыялык макулдашуу долбоору колдоо тапты.

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Абдыманап Мурзабековдун айтымында, аталган жолдун 28 чакырымын куруу үчүн 21 миллион 320 миң доллар бөлүнгөнү жатат.

Насыя үстөк пайызы жок, 25 жылдык мөөнөткө берилмекчи. Насыянын төлөмсүз мөөнөтү 7 жыл. Ош-Баткен-Исфана жолу үчүнчү катергориядагы жол болуп саналат. Анын 1 чакырымына орто эсеп менен 678 миң доллар каражат чыгымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан