Жалал-Абад шаарында бүгүн, 4-мартта Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу азем өтөт. Иш-чара “Эркиндик” борбордук аянтында өткөрүлүп, ага шаардагы жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышмакчы.
“Кыргыз улуттук кийимдеринин баркын көтөрүп, даңазалоого үгүттөө боюнча эң мыкты улуттук кийим кийген шаардын тургундары үчүн сынак жарыяланып, анын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар белгиленген”,- деп билдирди шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева.
Ошондой эле шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан да аркан тартыш, ордо сыяктуу күч сынашуу оюндары уюштурулат.