Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына Абдышүкүр ажы Нарматов шайланды

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайында Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Курултайда Кыргызстан муфтиятынын жобосуна өзгөртүүлөр бекитилген.

Ага ылайык, Аалымдар кеңешинин төрагасы 1 жылга шайланат. Мындан тышкары Аалымдар кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны 14 адамга кыскартылып, эми 21 адамдан турат. Кеңештин отурумуна муфтий, орун басарлары жана казылар катыша алат, бирок шайлоо укугуна ээ эмес. Муфтий Аалымдар кеңешинин төрагасы боло албайт. Ошондой эле Аалымдар кеңеши жылына 2 ирет чогулуп келген болсо, эми жыл бою туруктуу иш алып барышат. Жаңы жобого ылайык, муфтий 3 жылга шайланат.

Нарматов Абдышүкүр Исламидинович 1968-жылы 8-февралда туулган. Үй-бүлөлүү, беш кыз, эки уулдун камкор атасы. Ал 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектебин бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги «Имам Бухари» университетинен, 1993-2000-жылдары Египпеттеги Каир шаарынын «Аль-Азхар» университетинин шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган. 2003-2006-жылдары «Алтын муун» кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан бери Кыргызстан Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан