Башкы прокуратура ИИМдин ишмердүүлүгүн текшерет

ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 3-марттагы жыйынында Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Коопсуздукту жана укук-тартибин камсыз кылуу боюнча кеңештин Ведомстволор аралык комиссиясынын отчёту каралды. Эсептөө палатасынын аудитору Өктөмкан Абдуллаева 2010-жылы ИИМ сатып алууларга бөлүнгөн 58,8 миллион сомдун ордуна 112 миллион сом чыгымдаганын айтты. Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгында министрликтин каржы-чарбалык тармагында тендер өткөрбөй туруп сатып алууларды жүргүзгөндүгү белгилүү болду.

Талкуу жыйынтыгы менен комитет мүчөлөрү ИИМдин ишмердигин текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын маалыматын Башкы прокуратурага өткөрүү чечимин кабыл алышты. Ал эми бул маселе боюнча Башкы прокуратуранын маалыматы 2 айдан кийин угулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан