2014-жылы Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелери 7 миллиард 74 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов билдирди.
Анын айтымында, жогорудагы көрсөткүч 2013-жылга караганда 361 миллион сомго көп. Муну менен быйылкы бюджет былтыркыга караганда 10 пайызга көп.
“Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын бюджети боюнча коомдук угуу болуп жатат. Буга чейин да ар бир райондо угуулар өткөн. Анда коомчулуктан 300 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен көпчүлүгү жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жаңы конуштагы маселелер боюнча болгон”,- деди Марат Аманкулов.