Бүгүн, 5-мартта Бишкек шаарынын 2014-жылдагы бюджети боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Анда Ак-Тилек жаңы конушунун квартал башчысы Улукбек Саманбеков конуштагы бир катар маселелерге токтолду.
“Көпчүлүк учурларда “Тез жардам”, өрт өчүрүүчүлөр конушту таппай кыйналышат. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу жолго коюлган эмес. Жолдорубуз кайык менен эле жүрө тургандай болуп калды. Бул сыяктуу маселелер толуп жатат. Ушуларды чечүүнү бюджеттен карап берсеңиздер”,- деди.
Ал эми шаар бийлигинин өкүлү жогорудагы маселелерди чечүү республикалык бюджеттен караларын айтты. Мындан сырткары квартал башчы конуштагы ээнбаштарга чара көрүүнү суранды: “Конуштагы айрым тургундар септикти жол жээктерине куруп жатышат. Андан жагымсыз жыт чыгат. Ошондой эле айрымдары шиферден аккан сууларды жолго агызып коюшууда. Демократия деп эле эч ким ээ-жаа бербей калды. Ушуларга бир чара көрсөңүздөр”.