“Ала-Тоо” аянтында Ак калпак күнүнө карата уюшулуп жаткан салтанатка 1500 улан-кыз катышат

Бүгүн, 5-мартта “Ала-Тоо” аянтында Ак калпак күнүнө карата уюшулуп жаткан салтанатка 1500 ыктыярдуу улан-кыз катышат. Бул тууралуу салтанаттын демилгечилеринин бири Улан Үсөйүн SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кайдыгер карабаган жаштар чогулушат. Улуттук оюндар фестивалы да ушул күндүн урматына уюшулууда. “Фестивалды жана Ак калпак күнүн белгилөөнү 15ке чукул уюмдардын биригүүсүндө ишке ашыруудабыз. Андан тышкары Бишкек мэриясы менен Жаштар иштери боюнча министрлик да колдоого алды. Бүгүн 500дөн ашуун кишинин катышуусунда "Кара жорго" бийин бийлетебиз. Башкы максат - Ак калпак күнүнө карата жакшы маанай тартуулоо”,- дейт ал.

Ал эми Улуттук оюндар фестивалында ойноло турган оюндар боюнча буларды айтты: “Кыргызда улуттук оюндар көп. Биз алардын ичинен жаштар ойноочу, жеңил түрлөрүн тандап алдык. Жеңиш ээлери сыйлыктарга ээ болот. Бул дагы жогоруда айтып өткөн 15 уюмдун биригүүсүндө ишке ашырылат” .

Бишкекте 2000ден ашуун адам "Кара жоргону" бийледи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан