ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин расмий иш сапары менен Бишкекке келери күтүлүүдө

ФИФАнын президенти Йозеф Блаттердин расмий иш сапары менен Бишкекке келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Футбол федерациясынын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Блаттердин келиши 24-мартка пландалган. Анда ал федерациянын иши менен таанышат. Ошондой эле жаңы долбоорлор каралышы мүмкүн. Ал эми 25-мартта өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен дагы жолугушуусу күтүлүүдө.

Айта кетсек, 24-мартта “Дордой” менен “Алай” футбол клубдары Кыргызстандын Суперкубогу үчүн ат салышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан