Бүгүн, 6-мартта Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы биринчи отурумун өткөрдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрага кызматына бир добуштан Кайрат Маматов шайланды. Анын катчылыгына Ольга Щербенина тандалды.
Буга чейин 2014-жылдын 4-мартында БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзгөн. “Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын комиссиянын мүчөлөрү биринчи отурумда шайлашат.