КРнын Президентинин
резервдик фондунан Казакстандын Жамбыл облусундагы Алматы-Ташкент унаа жолунда
автокырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга акчалай
жардам берилди. Тийиштүү буйрукка президент
Алмазбек Атамбаев кол койду. Кырсыктан каза тапкан
Кайрат
Садыковдун,
Жумали Эшатовдун,
Елена Маркелованын,
Севара Касимованын үй-бүлөлөрүнө
50 000 сомдон жана жабыркаган
Эльвира Курманалиева,
Юрий Москалев,
Владимир
Козырев,
Александр Харитоновго 25 000 сом бөлүндү.
Эскерте кетсек, аталган автокырсык 2-март күнү болгон.