КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 10-мартта Ош шаарындагы иш сапарында Кара-Суу районундагы "Дан-Азык" дыйкан чарба лабораториясында болду. Анда дыйкандар үчүн жер семирткичтерди кыска мөөнөттүү насыяга берүү жагын караштыруусун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды. Премьер-министр дыйкандардан мүмкүнчүлүктү туура пайдаланышын суранып өттү.