Илья Лукаш, активист: "Мага кысым көрсөтүү күчөгөндүктөн, Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечтим"

Активист Илья Лукаш өзүнүн интернет баракчасындагы билдирүүсүндө "мага кысым көрсөтүү күчөгөндүктөн, Кыргызстандан чыгып кетүүнү чечтим"  деп жазып чыкты.
Анын айтымында, "Калыс" кыймылы ага каршы чыгып, активисттин Кыргызстандагы жашоосу кооптуу болуп жатат. Ал Украинанын Львов шаарындагы досторуна кетерин кошумчалап: "Орундалбай калган кыял-максаттарыбыз үчүн кечирим сурайм. Мен уруштан жеңилсем да, согуштан жеңиле элекмин",- дейт Илья Лукаш.
Белгилей кетсек, активист Илья Лукаш украиналык Евромайданды колдоо жана Бажы союзуна каршылыгы менен интернет-коомчулукка жана жаштарга белгилүү. Мындан тышкары ал ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келген.
Эскерте кетсек, 27-февралда Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын астында “Калыс” саясий кыймылы гейлерге жана бисексуалдарга каршы акция уюштуруп, "Илья Лукаш атайын ЛГБТны колдоочулардан топ түзгөн"  деп күнөөлөгөн. Буга "мен топ ачкан эмесмин, болгону "Фейсбуктагы" баракчамда ЛГБТнын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоп келем" деп жооп кайтарган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан