Ош. "Улуттар биримдиги" партиясынын депутаттары эстакадалык көпүрөнүн долбоорун көрбөгөнүн айтып чыгышты

Кечээ, 10-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жолугушуусунда Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушун тездетүү маселеси талкууга алынды. «Улуттар биримдиги» партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги депутаттары Рысбек Мырзаматов менен Шайлообек Атазов да эстакадалык көпүрөнүн курулушунун долбоорун көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Шайлообек Атазов Ош шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысынан курулушка сарпталуучу каражаттын так суммасын айтуусун талап кылып, долбоорду эч качан көрсөтпөгөндүгүн айтып нааразы болду.  

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев учурда шаардын өз күчү менен көпүрөнү кыска аралыкта курууга мүмкүнчүлүгү жоктугуна токтолуп, өкмөт тараптан жардам керектигин белгиледи.

Талкуу соңунда жыйынтык катары кыска мөөнөттө КРнын Курулуш жана архитектура агенттиги тараптан көпүрөнүн альтернативдик долбоору иштелип чыгып, шаардык кеңештин кароосуна коюлат жана куруу иштери тезинен башталып, күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, элге каттоого мүмкүндүк берилиши керек деген чечим кабыл алынды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан