Султан Раев “кен казуучу аймактарда алгач археологиялык чалгындоо жүргүзүлүшү керек” дейт

Кыргызстанда кен казыла турган аймактарда алгач археологиялык чалгындоо жүргүзүлүшү керек. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКдагы комитет жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. Айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбооруна бул пункт кирди. “Бул пункттун кириши өтө жакшы болду”,- дейт.

Айта кетсек, бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан