"Бир бол" партиясынын саясий кеңешине Баткен аймагы боюнча эки мүчө шайланды

Баткен шаарында 9-март күнү «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик партиясынын конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу аталган партиядан маалымдашты. Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары конференцияда партиянын идеологиялык программасы менен таанышышты. "Бир бол" партиясынын Аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев: "Партия өз ишин мекенчилдик, биримдик принциптерине таянып алып барат. Биримдикте, ынтымакта болуу менен гана Кыргызстан өсүп-өнүгө алат. Мамлекеттин мамлекеттүүлүгү, бүтүндүгү анда жашаган көп улуттуу элдердин биримдик, ынтымагынан гана көз каранды. Партиянын саясий кеңешине Кыргызстандын ар бир аймагынан колдоо алган саясий лидерлер кирет жана ал 19 адамдан турат",- деп билдирди.

Делегаттар бир добуштан Баткен облусунан саясий кеңештин эки мүчөсүн – Аскар Шадиевди жана Абдупатта Сапаровду шайлашты. Буга чейин "Бир бол" партиясынын Бишкек жана Ош шаардык, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустук конференциялары өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан