Баткен мамлекеттик университети жабылып калуу коркунучуна туш келди. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында аталган окуу жайдын ректору Гиязидин Матубраимов билдирди. Айтымында, жылдан-жылга факультет, кафедра жана студенттердин саны кыскарып жатат.
“Учурда 6 миңдей гана студент калды. Мунун 2800ү күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алса, калганы сырттан окушат. 4-5-курста окугандар бүтүп кетишсе, студенттердин саны кескин кыскарганы жатат. 2010-жылы 18 кафедра болсо, азыр 12си калды”,- деди ректор.
Окуу жайдын башчысы абитуриенттердин жалпы республикалык тестирлөө аркылуу ЖОЖго өтүшүндөгү босоголук баллды төмөндөтүүнү сунуштоодо.