“Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесине тармактык комитет өз баасын бериши керек” деди Бакыт Төрөбаев

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесине тармактык комитет өз баасын бериши керек. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты. Анын билдиришинче, комитетке аталган маселе боюнча кат келип түштү. Документке 47 депутат кол койгону, кайра 14 депутат колун чакыртып алганы айтылды. "Кол коюп, аны кайра чакыртып алуу мыйзамдуубу, ушуну карап чыгышыбыз керек",- дейт Төрөбаев. 
ЖКнын мурунку жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айрым депутаттар колун кайра чакыртып алганын айтып чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан