"Акыркы төрт жылда психикалык жактан жабыркап дарылангандардын саны 14 миң адамга көбөйгөн" деп айтылат КРнын Акыйкатчысынын жыл сайын берчү баяндамасында.
Маалыматта 2009-жылы мындай бейтаптардын саны 55 миң болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 69 миң адамга чейин өскөндүгү жазылган..
Бейтаптардын санынын көбөйүп жатышын Акыйкатчы институту өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгына, улуттар аралык кагылыштарга, социалдык жактан корголбогондугуна, сырткы жана ички миграцияга байланыштырат.
"Жагдай кесипкөй дарыгерлер менен адистердин жетишсиздигинен улам да кыйындап жатат" деп белгиленет баяндамада.