КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын татаалданышына байланыштуу эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун тең бөлүшүп, жагдайды курчутууга багытталган ар кандай кадамдарды жектээрин жана президент
Януковичтин 11-марттагы билдирүүсүн орунсуз жана натуура деп эсептээрин билдирди. Бул тууралуу 11-мартта аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта “Өз элинин ишенимин жоготкон, иш жүзүндө президенттик укуктарынан ажырап калган, атүгүл өз өлкөсүн таштап кеткен президент мыйзамдуу боло албайт. Украинанын мурдагы бийликтеринин ойлонулбаган аракеттери жана коррупцияланып кеткени өлкөнү бүгүнкү кризиске жеткирди жана ондогон күнөөсүз адамдардын өлүмүнө себеп болду" деп жазылат. Ошондой эле Кыргызстан Украинадагы абалды эл аралык укуктук нормалардын негизинде жана БУУнун уставына ылайык тынч, сүйлөшүү жолу менен чечүүнү колдоорун билдирген.
Эске салсак, кечээ, 11-мартта Виктор Янукович Ростов-на-Дону шаарында: “Мен тирүүмүн, мени Украинанын Конституциясына ылайык кызматтан четтетишкен жок. АКШ жана башка өлкөлөр мени “өлкөдөн качып кеткени үчүн президент катары легитимдүүлүгүн жоготту” деп жатышат. Кайталайм, мен эч жакка качкан жокмун. Киевде куралдуу жол менен өкмөттүк имараттарды басып алуу учурунда Харьков, Донецк, андан кийин Крымда болдум. Төңкөрүш учурунда Украинанын аймагынан чыгып кеткен жокмун” деп айтып, өзүн Украинанын жалгыз легитимдүү президенти жана башкы командачысы деп эсептээрин билдирген.