Коргоо министрлигинин алдында түзүлгөн аскердик оркестрдин түптөлгөнүнө 20 болду. Мунун урматына 22-декабрда аталган оркестрдин отчёттук концерти Бишкектеги опера-балет театрында болуп өттү. Концертке күндүн күнөөкөрлөрүнөн тышкары эстрада жылдыздары да катышышты. Аскердик оркестр классикалык жана эстрадалык курамдан турат. Оркестрди Казакстандан келген аскердик оркестрдин дирижёрлору жана КРнын Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин дирижеёлору башкарды.