Кыргызстандык ырчы Юлия Руцкая болгар композитору Доно Цветковдун музыкасына жаңы жылдык жаңы “Кереметтердин түнү” (“Ночь чудес”) аттуу ыр жаздырды. Ырга клип да тартылып бүттү. Клипти режиссёр Александр Белов тартса, ырдын тексти акын Диана Светличнаяга таандык. Юлия айымдын болгар композитору менен Стамбулда өткөн эл аралык сынакта таанышып, иштешүүнү макулдашышканы белгилүү болду.