20-декабрда Орусиянын Москва шаарындагы Кино үйүндө кыргызстандык кинорежиссёр, Орусиянын Искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Динара Асанованын 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Кечени кыргыз элчилиги уюштурду. Иш-чарага кинорежиссёрлор, сценаристтер, сынчылар, коомдук ишмерлер катышты. Алар: Али Хамраев, Алексей Петренко, Елена Цыплакова, Ольга Машная, Людмила Донец, Леонид Павлючик, Александр Поздняков, Б.Криштуп жана Динара Асанованын жакындары, достору, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү. Катышуучуларга кинорежиссёр М.Чудиновдун “Динара Асанова” деген даректүү тасмасы көргөзүлдү. 1942-жылы Фрунзеде туулган Асанова өмүрүнүн көп жылын Орусияда өткөргөн жана Мурманск облусунда 1985-жылы каза болгон.