1-Апрель – Эл аралык күлкү күнү. Бул күн биринчи жолу Францияда белгиленгени айтылат. Адистердин айтымында, жеңил мүнөз майрамдын жаралышына табияттын жаз убагындагы тез өзгөрмө кубулушу себеп болгон.
Мына ушул күнгө карата SUPER.KG порталы четте калбай коомчулукка жылмаюу тартуулады. Алар:
1. Ассоль Молдокматованын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалары жана өкмөттүн жаңы курамына “Эркин эл” саясий партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков кирип, Жаштар министрлигине жетекчилик кылары Күлкү күнүнө арналган жаңылыктын башаты болду.
2. Нурлан Насип Асел Кадырбековага сөйкө салып, буга чейин айтылып келген "кыз-жигит" деген кептин аягына чекит койгону да майрамдык жаңылык. Балким, ырчылардын мамилеси өздөрү айткандай жөн гана достук, балким, сүйүү чыгар. Айтор, жакшы кабарды тең бөлүшүп куттук айткандар да болду. infiniti аттуу колдонуучу "Азамат, Нурлан! Сулуу бийкечти кайрыпсың. Бакыт каалайбыз. Ар дайым бирге, ынтымакта болгула!" деп пикир калтырган.
3. Эртең, 2-апрелден баштап кумшекерге болгон баа 85 сомго жогорулайт. "Ар бир үйгө жетиштүү кумшекер" коомдук уюму берген маалыматка ылайык, баалардын жогорулашы Орусия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттериндеги инфляцияга байланыштуу болууда. Бул маалымат да майрамдык кабарлардын учугун улаган жаңылыктардын катарын толуктады.