Бишкекте 12-13-апрелде Дене тарбия жана спорт институтунда иттердин “Топ жылдыз Азия 1 жана 2” аталышындагы эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.
Кыргызстандын Кинологдор союзунун директору Ирина Крыльцова билдиргендей, көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстандан алынып келген 96 породадагы 365 ит коюлат. Аларды Грузиядан келген Заза Омаров жана Беларустан келген Вячеслав Вербинский өңдүү эксперттер баалашат. Жеңүүчүлөр “Кыргызстандын чемпиону” наамына ээ болушат.
Көргөзмөгө тибеттик мастиф, немис овчаркасы, грейхаунд, шар-пей, немис ити, шелти, бриар, пули, сенбернар, пинчер, бульдог, аст, ротвейлер, чихуауха жана башка породадагы иттер коюлат. Иш-чара 2 күнгө созулат.