Биринчи Май райондук администрациясы өрттө жабыркагандарга жардам катары 170 миң сом бөлүп берди

Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскарбек Алиев 2-апрелде болуп өткөн өрттө жабыркагандар менен жолугушуп, райондук бюджеттен жардам катары 170 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде райондук администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.  

Маалыматка таянсак, 9-апрель күнү өрттө жабыркагандардын 11и №7-үй-бүлөлүк медициналык борбордон жалпы медициналык кароодон өттү, жашы жете элек 2 бала №31 жана №184-бала бакчага орноштурулду жана бир адам Таш-Дөбө айылындагы калыбына келтирүүчү курортуна жиберилди.

Ошондой эле жабыркагандардын өрттөнүп кеткен документтерин калыбына келтирүү иш-чаралары жүрүп жатат жана гуманитардык жардам да чогултулууда.   

Эске салсак, 2-апрель күнү кечки саат 23:00дө Манасчы Сагымбай көчөсүндө жайгашкан көп батирлүү үйдөн өрт чыккан. Натыйжада 8 батир өрттөнүп, 2 адам каза тапкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан