Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын урматына 150 миң түп көчөт отургузулат. Аталган демилге менен Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Демилге КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин төкмө акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 150 жылдыгына арналган мааракени өткөрүү боюнча буйругун ишке ашыруу максатында көтөрүлдү.
Маалыматта белгиленгендей, район аймагындагы билим берүү мекемелеринин мугалимдери, техперсоналдары, окуучулардын ар бири 3 түптөн көчөт отургузууну сунуш кылды. Ошондой эле 150 усулдук сабактар, 150 мыкты сүрөттөр, 150 ыр, 150 мыкты эссе жазуу иштерин жүргүзүүнү колго алуу зарылдыгы айтылды.
Маалымат үчүн айта турган болсок, район аймагында техперсоналдарды кошкондо 6200дөн ашуун билим берүү кызматкери, 40 миңден ашуун окуучу, бала бакчаларда 3 миңден ашуун бала бар.