Түндүк Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Чан Гю КРнын Улуттук китепканасына 126 китептин коллекциясын бүгүн, 11-апрелде тартуу кылды. Бул тууралуу аталган китепканадан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, элчи менен бирге китепканага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ю.Бенг-Сок, Корея Республикасынын Тарых музейинин кызматкери Ким Сонг Жун келишкен.
“Элчи Улуттук китепканага 126 аталыштагы коллекция китеп жана корей, англис тилдериндеги 19 диск тартуу кылды. Китептер саясат, тарых, география, искусство, маданият, билим тармагындагы адабияттар. Басылма жогорку полиграфиялык жана көркөм жасалгалоосу менен өзгөчөлөнөт. “Кореянын Улуттук музейинин заманбап тарыхы”, “Искусствонун жүз буюму” китептеринен илимий баалуулуктар жана Кореянын улуттук ашканасы жана башкалар тууралуу маалымат алса болот”,- деп билдиришет китепканадан.