Бишкекте бүгүн, 11-апрелде “Жаштар жакшылык жумалыгынын” алкагында Жал кичи районунан Киркомстрой кичи районуна чейин бекер троллейбус каттады.
Эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00гө чейин шаар тургундарын троллейбус акысыз ташыды.
Троллейбустун ичи түстүү шариктер менен кооздолуп, босогодон маскарапоздун костюмун кийген жаш жигит тосуп алып жатты. Ал эми белгилүү ырчы Салтанат Аширова үн созуп, элдин көңүл чордонунда болду.
Троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөр башында таң калып карашса, кийин жүздөрүндө жылмаюу жаралды.