2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынан жалпысынан 276 адам көз жумган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев кечээ, 11-апрелде өкмөттүн кезектеги отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 2012-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 100 кишиге өскөн. “Тактап айтканда, өлүмдүн саны жыл сайын артууда”,- дейт ал.
Т.Исаев белгилеп өткөндөй, 2013-жылы жалпысынан 7492 жол кырсыгы катталган. Анын 1472си оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда болгон. Орточо көрсөткүч менен айтканда, өлкөдө ар бир 1000 унаанын 7си жол кырсыгына кабылса, оң рулдуу 1000 унаанын ичинен 12си түрдүү кырсыктарга кабылып келет.