Соттун чечими менен футболчу Андрей Аршавин алимент төлөмөй болду

Орусиялык футболчу Андрей Аршавин соттун чечими менен айлык акысынын 50 пайызын мурунку жубайы Юлия Барановскаяга алимент катары төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург соту анын мурунку жубайы Юлиянын арызын толук канааттандырып, футболчуну 50 пайыз айлыгын алимент катары төлөөгө милдеттендирди.

Эми Андрей Аршавин 2023-жылдын декабрына чейин (улуу баласы бойго жеткенге чейин) айлык акысынын жарымын ай сайын төлөп турат. 2026-жылдын апрелине чейин, тактап айтканда, ортончу уулу жана кичүү кызы бойго жеткенге чейин айлык маянасынын үчтөн бир бөлүгүн төлөйт. Алар өз алдынча болуп калган соң, футболчу айлыгынын төрттөн бир бөлүгүн берип турууга милдеттүү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Almazbek79
2014-04-12 16:21:21
Аршавиндин айлыгы канча болду экен ? )))
+4
samat-91
2014-04-12 19:43:20
Almazbek79, бир айда 2 млн евро.
-1
fanatkg
2014-04-12 20:42:29
samat-91, жылына эмеспи?
+1
samat-91
2014-04-13 05:24:59
fanatkg, бир айда экен.эн кымбат футболчу аршавин
экен.
-2
azamat85
2014-04-13 21:40:36
samat-91, андай эмес эч качан
0
Bella-life
2014-04-12 18:26:04
Суротто уулу эмес 1-чи тун кызы десенер окшошмок экен
+1
mir-za
2014-04-12 18:37:20
айлыгы 3 милион эро экен
+2
ulukbek
2014-04-12 21:17:48
жылына 2.5 милион евро алат
+3
kyrgyzz
2014-04-13 10:13:49
3 balasyn tawtagan futbolchunu oinotpoi ele koiush kerek klubdarga .... Rossi9nyn kurama komandasyna dagy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан