Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 13-апрелде саат 22:00дө министрликтин Ош шаарында жайгашкан бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларынын өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыктарын текшерди. Текшерүү боюнча алдын ала айтылбай, “тез арада жыйноо” боюнча буйрук берилди. Андан соң жыйналган аскер кызматчыларынын кырсыктардын кесепеттерин жоюуга даярдыктары текшерилди.
Эреже боюнча кабар берилгенден бир сааттын ичинде үч күндүк кургак тамактары менен азык-түлүктөрү, гигиеналык каражаттары жана курал шаймандары колунда болуп, кырсык болгон аймакка чыгып кетүүгө тийиш эле. Бул шашылыш кабарга айрым аскер кызматчылары шаймандарын унутушса, айрымдары кийимдерин толук кийинип келгенге да үлгүрбөй калышкан. Башкы куткаруучуну аскер кызматчыларынын баштыгындагы үч күнгө даярдалган кургак тамактарынын аздыгы канааттандырган жок.
“Ушул тамак кантип үч күнгө жетсин? Демек, берилген акча максатсыз пайдаланылып, кокус текшерип калганда жок болуп калбаш үчүн эле баштыкка бир нерсе салып коёсуңар. Куткаруучунун курсагы ток болгондо гана башкаларга жардам көрсөтө алат”,- деди министр.
Андан сырткары кырсыктарда пайдалануу үчүн берилген шаймандарды да жаңылоого мезгил жеткендигин кошумчалады. Мындай иш-чараны министр жазда болуп кетүүчү сел жана суу ташкындары, жер көчкү жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарга дайым даяр болуу үчүн көрүлгөн камылга деп түшүндүрдү.
Ал эми кетирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча министрликтин тиешелүү жетекчилерине тапшырмаларды берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.