Кыргызстанда 2014-жылдын алгачкы 2 айында бир кызматкердин номиналдуу орточо айлык акысы 10 996 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде КРнын Улуттук статистикалык комитети маалымдады. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын алгачкы 2 айына салыштырмалуу өсүү темпинин 106,6 пайызга жеткенинен кабар берет.