КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, артыкчылык аттестатына талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн тестирлөөсү 7-майда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Билим берүү, илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын бүтүрүүчүлөрүнүн артыкчылык аттестатына талапкерлердин тестирлөөсү 7-майда өтөт. Сынак эне тили, алгебра, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз жана орус тилдери боюнча өткөрүлмөкчү.