Казакстанда донорлукту өлгөндөн кийин мыйзамдаштырат

Бүгүн, 16-апрелде Казакстандын мажилисинин депутаттары өз каалоосу менен дене мүчөлөрүн курмандык кылуу боюнча суроолорду регламентациялоону биринчи окууда кабыл алышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.   

“Азыркы учурда трансплантология өнүгүүдө. Адамдын органдарын же кабыкча түркүмдөрүн трансплантациялоодо донордун укугун коргоо жана ошондой эле гемопоэтикалык түтүк сымал клеткаларды трансплантациялоодо атайы нормалар каралган”,- деди Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Салидат Каирбекова.

Министрдин айтымында, тирүү донордун органдарын же кабыкча түркүмдөрүн трансплантациялоодо кагаз бетинде жазылган нотариустан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.

Жарандардын ден соолугунун коопсуздугуна мамлекеттин жана иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин камсыздоо максатында кепилдиктүү медициналык кароодон жана профилактикалык медициналык кароодон өтпөгөн жарандардын иш ордуларына отурууга уруксат берилбестиги да айтылууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан