Талаптарга жооп бербеген жогорку окуу жайларынын лицензиялары кайтарылып алынат 

Талаптарга жооп бербеген жогорку окуу жайларынын лицензиялары кайтарылып алынып, жетекчиликке административдик чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 17-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окуу процессин текшерген учурда 14-15-апрелде С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун ортопедиялык стоматология сабагында 3 тайпа жок экендиги, ал эми 2-курстун студенттерине дене тарбия сабагы өтүлбөгөнү тастыкталган.

Ошол эле күнү Чүй университетинде лекциялар өтүлгөн эмес жана окууга келген студенттердин катышуусу 14-апрелде 50,4 пайызды түзсө, 15-апрель күнү 55,8 пайызды көрсөткөн.

Министрликтен билдиргендей, бир айдын ичинде Бишкектеги КУУ, КМКТАУ, БГУ, КМЮА, КУАУ, КРСУ, КМТУ жана башка жогорку окуу жайларында текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлмөкчү.

Мониторингдин башкы максаты – студенттердин сабакка катышуусун активдештирүү аркылуу билим берүү сапатын көтөрүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан